Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Мындан ары жер төлөөсүндө унаа токтотуучу жайы жок курулушка уруксат берилбейт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө шаарларда унаа токтотуучу жай маселеси курч турат. Ушул маселени чечүү максатында мамлекет жетекчилиги Мамкурулушка атайын иш-пландарды иштеп чыгуу тапшырмасын койгон.
"Мунун негизинде үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан баштап көп кабаттуу үйлөр салууда 1-1 механизми киргизилген. Тактап айтканда, 1 батирге 1 унаа токтотуучу жай жана беш кабаттан бийик үйлөргө жер төлөөсүндө атайын унаа токточуучу жайы болушу зарыл. Эми мындан ары жер төлөөсүндө атайын унаа токтотуучу жайы жок болсо, курулушка уруксат берилбейт. Андан тышкары, курулушта жаңы технологияларды да колдонууга уруксат бердик. Тактап айтканда, сүрөттөгүдөй атайын унаа-лифттерди да колдонууга толук болот. Кеч болсо да, жаңы курулуштарды тартиби менен куралы", - деп белгиледи ал.
Белгилей кетсек, буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев калаа мэри Айбек Жунушалиевге Бишкекте унаа токтотуучу жайы жок бир дагы имарат курулбасын деген тапшырма берген.
Пикир
Оставить комментарий