• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды

Аймак 0

Бишкек, 22.04.23. /Кабар/. Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылып, каттам өз нугунда жүрүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган унаа жолдун 82-чакырымына зоодон таш кулап, унаа жолду жаап калганын маалымдаган.

Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, кулаган таштын узуну 50 метр, туурасы 8 метрдей, болжолдуу 6000 кубду түзөт.

Президенттин облустагы өкүлү Элчибек Жантаев таш кулаган тилкеге барып, жергиликтүү тургундар жана тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен жолугуп, абалды жөнгө салуу, жолду кыска мөөнөттө ачуу, элге шарт түзүп берүү, үзүлгөн электр энергиясын калыбына келтирүү талаптарын койду.

Азыркы учурда жол бир тараптуу ачылып, каттам өз нугунда жүрүүдө.

Жыйынтыгында президенттин өкүлү Алайкуу өрөөнүнүн тургундарынын жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тазалоо иштерин тез арада аягына чыгаруу боюнча жооптуу органдарга тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий