• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Быйыл Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунун 20 чакырымына асфальт төшөлдү

Аймак 0


Бишкек, 25.09.24. /Кабар/. Быйыл Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 20 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолдун 10 чакырымы демөөрчү тарабынан жасалса, 10 чакырымы өлкө казынасынын эсебинен оңдолду.

Белгилей кетсек, аталган унаа жолдун жалпы узундугу 138 чакырымды түзөт. 2023-жылы 8,3 чакырым аралыгына асфальт төшөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий