• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ош облусундагы лицейди ооруканага кайра профилдештирүү иштери 80 пайызга аткарылды

Аймак 0


Бишкек, 13.08.20. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районундагы кесиптик-техникалык лицейдин 150 койка орундуу инфекциялык ооруканага кайра профилдештирүүсү 80 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө имараттын жана от жагычуу бөлмөнүн чатырын демонтаждоо иштери, терезе блокторун орнотуусу, тышкы аба жылытуу системасы 100% га аяктап, от жагуучу эки казан орнотулган. Ошондой эле имараттын чатырынын 30%га жана бөлмөлөрдүн 1-2-3-кабаттарында жасалгалоо иштери 80%га аткарылды.

Учурда ички желдетүү, фасаддын штукатуркасы жана скважиналарды бургулоо боюнча иштер башталды. Объектте 70 адам иштейт.

Пикир

Оставить комментарий