• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Ирандын кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 28.09.24. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йорк шаарында Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Аббас Арагчи менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясына катышууcунун алкагында өттү.

Жээнбек Кулубаев Аббас Арагчини Ирандын тышкы саясий ведомствосунун башчы кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулап, соода-экономикалык тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө максатында өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий