• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер Кыргызстанга келди

Саясат 0

Бишкек, 25.10.23. /Кабар/. Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер Кыргызстанга келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохберди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Белгилей кетсек, Мохаммад Мохбер үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Ошондой эле, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий