Нөшөрлөгөн жаандан улам Ноокен районунун аймагында сел жүрдү

Кырсык 0

Бишкек, 17.06.24. /Кабар/. Бүгүн кечки саат 17:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында жана Момбеков айылында сел кырсыгы катталды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ошондрой эле сел суулары Ош — Бишкек унаа жолун жана бир катар турак жайларды каптаган.

Абалды жөнгө салуу жана кесепеттерин жоюу иштерин президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев көзөмөлгө алып, тийиштүү аракеттер көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий