• 87
  • 90.63
  • 0.79

Надира Жусупбекова: Бала бакчалардагы коопсуздук жана жоопкерчилик күчөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 04.12.24. /Акназик Тургунбаева -Кабар/. Кыргызстанда эми бала бакчалардагы коопсуздук жана жоопкерчилик күчөтүлөт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, эми өлкөдө бала бакчалардын коопсуздугун көзөмөлдөө үчүн атайын коммиссия түзүлүп, бала бакчалар жеринен текшерилет.

“Кечээ Сузак районундагы бала бакчадагы окуяга баарыбыз күбө болдук. Окуяга билим берүү системасындагы ар бир адам, ар бир кызматкер кайдыгер болгон жок. Ушундай терс көрүнүштү канткенде болтурбоого болот деп көп ойлондук. Биздин балдарга коопсуз жакшы шарттар түзүлүшү керек.

Негизинен Билим берүү министрлигинин буга чейин билим берүү мекемелеринин методикалары боюнча бекитилген инструкциясы бар. Өлкөнүн ар бир билим берүү мекемеси жана бала бакчаларынын жетекчилери бул инструкция менен таанышып, талкуулап аткарууга алышкан. Бирок бүгүнкү күндө соңку жагдайларга байланыштуу инструкцияга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл", - деди ал

Ошондой эле билим берүү министринин орун басары белгилегендей, Сузактагы жагдай кайталанбоосу үчүн комлекстүү чараларды көрүү керек.

"Эми өлкөнүн ар бир бала бакчасында коопсуздук жана жоопкерчилик күчөтүлөт. Биринчиден, ар бир бала бакчада видео көзөмөл болуусу керек. Видео көзөмөлдү кантип колдонуу боюнча инструкция иштелип чыгат. Видео көзөмөл аркылуу жетекчилик тарбиячылардын кемчиликтерине көзөмөл кылып, ал тарбиячы менен иштөөсү керек. Ошондой эле дагы бир жакшы механизм иштелип чыгууда. Анда балдардын ата энелери келип бир күн бою бакчадагы тарбиячылардын жумушуна мониторинг жүргүзүүсү керек. Эң башкы чаралабыздын бири атайын комиссия түзүү. Балдардын ата энелери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн комиссия түзүлүп, алар бала бакчаны дыкат анализдеп текшеришет. Анализдин жыйынтыгы менен өлкөнүн ар бир бала бакчасына методикалык жардамдар көрсөтүлөт. Биздин максат жеринен барып, ар бир тарбиячы, ата-эне менен маектешип, коопсуздук жана жоопкерчилик чараларын күчөтүү. Мындан сырткары, педагогдор үчүн атайын методикалык материалдар иштелип чыгып, аларды атайын окуу борборлоруна чакырабыз”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий