• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Нарбеков Таласта "Альянс Алтын" фонду ишке ашырып жаткан долбоорлор менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. КР президентинин Талас облусундагы өкүлү Бакытбек Нарбеков "Альянс Алтын" өнүктүрүү фондунун директору Батырбек Качкымбаев менен биргеликте фонд аркылуу иш жүзүнө ашып жаткан долбоорлор менен жеринен таанышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, алгач алар Кара-Суу айылындагы 4 көчөгө 8000 метр электр чубалгылары алып берилип, жалпы 100 түтүн кубаттуу электр жарыгы менен камсыз боло турган долбоор менен таанышышты.

Андан соң Талас районуна караштуу Нуржанов айыл аймагында курулуп жаткан спорттук комплексинин курулуш иштери менен таанышты.Аталган имаратты капиталдык ремонттон өткөрүүгө “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунун эсебинен 2 млн 100 миң сом акча каражаты каралган.

Айыл өкмөт башчысынын айтымына караганда, спорт комплекстин капиталдык ремонт иштерин 2023-жылдын биринчи кварталында аяктоо пландалууда.

Ошондой эле алар Талас шаарынын таштанды полигонундагы жаңыдан курулуп жаткан таштандыларды сорттоочу заводдун курулуш иштери менен таанышты. Аталган максаттарга “АльянсАлтын” өнүктүрүү фондунан 6 млн сом пайызсыз каражат жеке ишкерге бөлүнүп берилген.

Бакытбек Нарбеков таштанды маселесин комплекстүү чечүү зарыл экенин белгилеп, алгач Беккари чуңкуру 1 млн 400 миң сомго курулганын жана экинчи этабында 6 млн сомго таштанды сорттоочу завод курулуп жатканын айтты.

Сапардын жүрүшүндө Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылындагы Бейшен Сатыбеков атындагы орто мектептин эмгек жамаатына фонд аркылуу заманбап үлгүдөгү 5 ноутбук тапшырылды. Облус башчысы билим берүү тармагына ар дайым олуттуу көңүл буруу зарыл экендигин айтып, мектепте түзүлгөн шарттар менен кеңири таанышты.

Андан соң Кара-Буура районунун Бейшеке айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылындагы жарыктандыруу иштерин жеринде көрүштү. Жарыктандыруу иштери 4,5 чакырым аралыкка жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, Шекер айылында курулуп жаткан спорт комплексинин курулуш иштери менен таанышышты. Спорт комплексинин курулушуна "Альянс Алтын" өнүктүрүү фонду тарабынан 980 миң сом бөлүнгөн. Таанышуунун жүрүшүндө Шекер айыл аймагынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна фонд аркылуу компьютерге сертификат тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий