• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Нарын дарыясына түшүп кеткен бала табыла элек, издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Нарын дарыясына түшүп кеткен баланы издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 7-март күнү Нарын районунун Орто-Нура айылында Нарын дарыясына 2014-жылы туулган Т.Т. аттуу бала түшүп кеткен.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден 28 куткаруучу, ИИМден 16 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, саат 19:05те издөө иштери токтотулду. Натыйжа болгон жок.

Бүгүн, 11-март күнү издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий