• 87
  • 90.63
  • 0.79

Нарын дарыясына түшүп кеткен кызды издөөгө 54 адам чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 07.11.24. /Кабар/. Нарын дарыясына секирип кетип, дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кызды издөөгө бүгүн 54 адам чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, издөө иштерине ӨКМден 15 куткаруучу жана Ички иштер министлигинен 28 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 11 адам, жалпы 54 адам тартылды.

Белгилей кетсек, Нарын шаарында 2-ноябрь күнү Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-жылы туулган Т.Э. аттуу өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошол күндөн бери издөө уланууда.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий