Нарын мамлекеттик университетинде Кытай тили жана маданияты борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 15.06.23. /Кабар/. С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин алдында Кытай тили жана маданияты борбору ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Борбор Кыргызстандагы Кытай элчилигинин колдоосу менен ачылды.

Борбордун ачылышына билим берүү министри Каныбек Иманалиев, Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь катышты.

Министр Каныбек Иманалиев өз сөзүндө эки элдин ортосундагы достук мамилелердин жаңы барагы ачылып жатканын белгилеп, элчиге мамлекеттер арасындагы активдүү жана жемиштүү кызматташтыкка барандуу салым кошуп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле министр алдыда НМУнун окутуучулары жана студенттери үчүн алмашуу программалары киргизилип, Кытайдын өнөктөш университеттери менен илимий кызматташтыкты өнүктүрүү пландалып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 2011-жылы Нарын мамлекеттик университетинде Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Конфуций институтунун колдоосу менен техникалык жактан жабдылган Конфуций классы ачылган. Бүгүнкү күнгө чейин бул класста НМУнун 70тен ашуун студенти билим алган.

Пикир

Оставить комментарий