• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы үчүн эки бассейн жабылат

Коом 0

Бишкек, 15.06.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май районунда бассейндер текшерилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, комиссия 11 суу объектисин текшерип, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Түштүк-2 кичирайонундагы жана "Асема" бассейни коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы аныкталып, аларды жабуу маселеси каралат.

Белгилей кетсек, рейдге райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, акимчиликтин, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, ички иштер башкармалыгынын жана "Бишкексуучарба" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий