• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Нарын облустук соту өткөн жылы аткарылган иштеринин жыйынтыгын чыгарды

Аймак 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 8-февралда Нарын облустук сотунда 2021-жыл ичиндеги облусундагы жергиликтүү соттордун жүргүзгөн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, жыл жыйынтыгына сары эсеп салган аймактардагы мындай кеңешмелер акыркы эки жылдан бери онлайн режиминде өтүп келет.

Жыл жыйынтыгына арналган кеңешмеге КР Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Качыке Эсенканов, Жогорку соттун төрагасынын орун басарларынын милдетин аткаруучу Нургүл Асанова, Айнаш Токбаева, Жогорку соттун соттук тажрыйбаны жалпылоо, соттук статистиканы анализдөө жана Пленумдун ишин камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Адинахан Кадыровалар катышты.

Нарын облусундагы биринчи жана апеллациялык инстанциялардагы соттор тарабынан 2021-жылы каралган иштер боюнча маалыматтар менен Нарын облустук сотунун төрагасынын жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча төраганын орун басары Азамат Койломбаев, жарандык жана экономикалык иштер боюнча төраганын орун басары Гүлсүн Арзыгулова, административдик иштер боюнча маалымат менен төраганын орун басары Кайырдин Бакировдун маалыматтары угулду.

Пикир

Оставить комментарий