• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жакында Улан-Батор – Бишкек туруктуу аба каттамын ачуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Кечээ, 7-февралда Кыргызстандын башкы аба майданында "Манас" эл аралык аэропорту" ААК жетекчилиги менен Монголиянын Кыргызстандагы элчиси жана Монголиянын "Хунну Эйр" авиакомпаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу болду. кызматы билдирди.

Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, анын алкагында "Улан-Батор – Бишкек – Улан-Батор" багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамын ачуу маселеси талкууланды.

Жолугушууга "МЭА" ААКнын инфраструктуралык жана региондук өнүктүрүү боюнча Башкы директорунун орун басары Абдималик Бусурманкулов, Экономика, каржы жана социалдык өнүктүрүү боюнча орун басары Рысбек Оморов, Өндүрүш боюнча орун басары Расул Мамашев, Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Содном Ганхуяг, Монголиянын "Хунну Эйр" авиакомпаниясынын башкы директору Пүрэвжал Мунхжаргал жана авиакомпаниянын Алматыдагы өкүлү Батбаяр Батдэлгэр жана башкалар катышты.

"Түз аба каттамынын ачылышы биздин өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Биз дагы үзгүлтүксүз аба каттам ачууга кызыкдарбыз жана бул маселеде ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даярбыз", - деди Абдималик Бусурманкулов.

Монголия элчиси Содном Ганхуягдын айтымында, 2022-жылдын март айында жумасына бир жолу каттаган түз туруктуу аба каттамды ачуу пландалууда.

"Учурда Монголия тарабынан бардык керектүү процедуралар Кыргызстандын авиациялык бийликтери менен макулдашылып жатат", - деди ал.

Өз кезегинде "Хунну Эйр" авиакомпаниясынын башкы директору Пүрэвжал Мунхжаргал эгер коронавирустук инфекция боюнча кырдаал жакшырса, анда каттамдардын жыштыгын көбөйтүү ниети бар экенин белгиледи.

Жолугушуудан кийин Монголиядан келген конокторго "Манас" эл аралык аэропортуна, "Манас Менеджмент Компани" ЖАКсына экскурсия уюштурулуп, ишканалардын инфраструктурасы менен таанышышты.

Эске салсак, Монголиянын "Хунну Эйр" авиакомпаниясы менен "МЭА" ААКнын ортосундагы кызматташуу 2021-жылдын октябрында "Улан – Батор-Бишкек – Улан-Батор" багыты боюнча чартердик каттамдардын аткарылышы менен башталган.

Пикир

Оставить комментарий