• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Нарын облусу күз-кыш мезгилине 80 пайыз даяр – энергетика министри

Аймак 0

Бишкек, 26.08.24. /Кабар/. Жалпысынан алганда Нарын облусу алдыдагы күз-кыш мезгилине 80 пайыз даяр. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев аймакка жумушчу сапары менен барган учурда билдириди.

Министр биринчи Тогуз-Торо менен Жумгал райондук электр тармактарын тешкерип, андан кийин Нарын электр тармактар ишканасы, Ат-Башы, Тянь-Шан, Нарын, Ак-Талаа, Кочкор райондук электр тармактары жана Ат-Башы ГЭСинде аткарылып жаткан иштер, алдыдагы пландар жана көйгөйлөр менен жеринен таанышты.

"Мен Нарын облусундагы бардык райондук электр тармактарын, Ат-Башы ГЭСнин аткарап жаткан иштерин текшерип чыктым. Жалпысынан алганда Нарын облусу алдыдагы күз-кыш мезгилине 80 пайыз даяр экен. Орчундуу чоң көйгөйлөр деле жок. Бирок керектүү техникаларды сатып берүү, эскирген имаратты жаңылоо, жетишпеген штат маселесин чечип берем. Калкка үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү үчүн, энергетиктерге шарт түзүп берүү биздин милдет. Ал эми силер алдыдагы күз-кыш мезгилинде калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылгыла. Өзгөчө тоолуу райондор электр энергиясыз калбашы керек", - деди ал.

Ошондой эле Таалайбек Ибраев бетон мамычалардын өз убагында орнотулушуна, көмөк чордондордун, трансформаторлордун жаңыланышына, авариялык запастагы жабдуулардын сакталышына, электр энергиянын жоготуусун азайтуу керектигине, "Үрүм-Баш-Жетиген" аба чубалгысын туннел аркылуу алып өтүү иштерин тездетүүгө басым жасады.

Эскилиги жеткен имараттардын ордуна жаңы имарат куруу, жетишпеген бригадалык техникалар менен камсыз кылуу, айрым ишканаларга керектүү штат маселесин чечүү, айрым ээсиз трансформаторлорду баланска алуу, Талды-Суу, 35/10 кВ "Осовиахим" көмөк чордонунун ордуна 110/10 кВ көмөк чордон куруу иштери боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырма берилди.

Нарын облусунун жетекчилигине күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдануу, калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий