• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Нарын облусу күз-кыш мезгилине даяр

Аймак 0

Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Нарын облусу күз-кыш мезгилине даяр. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын электр тармактар ишканасы алдыдагы суук күндөргө кам көрүп, элге үзгүлтүксүз электр энергиясын жеткирүү үчүн бардык зарыл иштерди аткарып бүттү.

Ишкананын тейлөөсүндөгү 10-0,4 кВ бөлүштүрүүчү тармагында жалпы 328,1 км аба чубалгысы жана 10/0,4 кВ 232 трансформатор капиталдык оңдоодон, ал эми 3963,6 чакырым аба чубалгысы жана 10/0,4 кВ 1 641 трансформатор утурумдук оңдоодон өткөрүлдү.

Ошондой эле 35-220 кВ жогорку чыңалуудагы 40 көмөк чордондо жана 90,3 км аба чубалгысында капиталдык оңдоо иштери, 220-35 кВ 58 көмөк чордондо, 500-220-110-35 кВ аба чубалгыларында утурумдук оңдоо иштери менен кошо 110 кВ аба чубалгысында 4083 даана, ал эми 35 кВ АЧда 4817 даана эскирген изоляторлор жаңысына алмаштырылды.

Капиталдык курулуш планынын негизинде бир топ алгылыктуу иштер аткарылды, алсак:

  • темир-бетон мамыларын чыгаруучу цех ишке берилди;
  • Ак-Сай өрөөнүндө 35/10 кВ "Кында" көмөк чордонунда кызматкерлер үчүн атайын кызматтык имарат курулду;
  • 110/10 кВ "Дөң-Алыш" көмөк чордону курулуп ишке берилди.

Кочкор районуна 12 миң 705 даана "акылдуу" электр эсептегичтери орнотулду. Борбордук оңдоо цехинде 39 даана трансформатор оңдолуп чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий