• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Баткен, Фергана жана Согди облустарынын башчылары жолугушту. Эмне жөнүндө сөз болду?

Аймак 0

Бишкек, 26.01.19 /Кабар/. Баткен облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, Өзбекстандын Фергана облусунун акими Шухрат Ганиев жана Тажикстандын Согди облусунун төрагасы Раджоббой Ахмадзода жолугуу өткөрүшүп, экономикалык байланыштарды жана ар тараптуу кызматташууну чыңдоо боюнча маселелерди сүйлөшүштү.

Жолугушуу Тажикстандын Канибадам шаарында болду. Тараптап ошондой эле туризм жаатында иштерди жандантууну макулдашышты. Анткени туризм чек арадагы элдин карым катнашын чыңдоого өбөлгө болоору белгиленип, маданий, спорттук иш-чараларга өзгөчө маани берүү керектиги да айтылды.

Биргелешкен ишканаларды ачуунун боюнча маселелер каралды.

Буга чейин Баткен, Фергана жана Согди облустарынын ишкерлери бир катар жумушчу жолугушууларды өткөрүшүп, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, курулуш материалдарын чыгаруучу, жибек иштеп чыгуучу ишканаларды ачуу боюнча макулдашып, учурда бул иш аракеттердин үстүндө иш жүрүүдө.

Жолугушууга үч тараптын тең чек аралаш райондорунун акимдери да катышышты.

Пикир

Оставить комментарий