• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Нарын облусу менен Казакстандын аймактарынын ортосунда достук алакалары түзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаевди кабыл алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда Нарын облусу менен Казакстандын облустарынын ортосунда достук алакасын түзүп, соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов облуста суу, күн, шамал энергетикасы, тоо-кен, айыл чарба тармагы боюнча потенциал чоң экенин белгилеп, жашыл экономика боюнча долбоорлорду тартуу, Нарындан Казакстанга сүт, эт, картошка, карагат, чычырканак жана башка азык-түлүктөрдү экспорттоо боюнча сунуштарын айтты.

Казакстандын элчиси Рапиль Жошыбаев эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 1 млрд 300 млн сом болгонун, бул көлөмдү 2 миллиардга жеткирүү талабы коюлганын белгилеп, эки мамлекеттин аймактарынын ортосунда социалдык-экономикалык байланыштарды түзүү жакшы мүмкүнчүлүктөргө жол ачаарын айтты. Нарын облусуна күн энергетикасы боюнча долбоорлорду алып келүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди. Ошондой эле Нарындан сүт азыктарын, сырдын түрлөрүн Казакстанга экспорттоо боюнча кызыкты.

Элчи ошондой эле Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинде билим алып жаткан казакстандык студенттер менен жолукканын, окуу жайдагы шарттар жогорку деңгээлде түзүлгөндүгүн, Нарын облусунда көптөгөн жаңы долбоорлор ишке ашып, облус өнүгүүгө багыт алганын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Нарын облусу менен Казакстандын облустарынын ортосунда достук алакасын түзүү боюнча иштиктүү сүйлөшүүлөр болду.

Иш чарага Ага Хан өнүктүрүү уюмунун Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлү, доктор Баркат Фазал, аталган уюмдун менеджмент жана программалар боюнча жетекчиси Алтааф Хашам жана башка өнөктөштөр да катышты.

Пикир

Оставить комментарий