• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Нарын облусун өнүктүрүү программасы иштелип чыгууда

Аймак 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Нарын облусун өнүктүрүү программасы иштелип чыгууда, деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан.

Өнүктүрүү программасы КР министрлер кабинетинин төрагасынын тапшырмасына ылайык, жогорку окуу жайлардын илимий кызматкерлери менен бирге иштелип чыгууда.

Бүгүн президенттин өкүлчүлүгүндө Нарын облусунун өнүктүрүү планын иштеп чыгуу боюна жыйын өткөрүлдү.

Иш-чарага президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору Эрмек Байбагышов, Экономика жана коммерция министрлигинин Нарын аймактык башкармалыгынын башчысы Улан Алыбаев жана райондук мамлекеттик администрация башчыларынын биринчи орун басарлары, айыл өкмөт башчылары, айыл өкмөттөрүндөгү жооптуу кызматкерлер катышты.

Жыйында Нарын облусун өнүктүрүүнүн программасын НМУнун жана Экономика бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте ар бир айыл аймагынын өзгөчөлүктөрүн, негизги көйгөйлөрүн эске алуу менен иштеп чыгуу маселеси каралды.

Ошондой эле айыл өкмөттөрүнүн жооптуу кызматкерлерине Нарын мамлекеттик университети тарабынан 5 күндүк окутуу уюштурулуп, долбоорлорду даярдоонун ыкмалары үйрөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий