• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Ош технололгиялык университетинин 60 жылдыгы белгилденди

Аймак 0

Бишкек, 20.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 20-октябрда белгилүү илимпоз, геология-минералогия илимдеринин доктору М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин 60 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, ага Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов, мэрдин биринчи орун басары Марс Исаев, президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, легендарлуу парламенттин депутаттары, Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Өзбекстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын ректорлору, ОшТУнун мурдагы жетекчилери, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышып, окуу жайдын жамаатын мааракеси менен куттукташып, билим берүүдө эмгек сиңирген алдынкы кызматкерлерге Ардак грамоталарды, атайын сыйлыктарды тапшырышты.

Иш-чаранын алкагында “Тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү: инновациялар жана кызматташтык” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп, бир топ жаңы меморандумдарга кол коюлду.

Пленардык жыйындын аягында бир катар конокторго ОшТУ нун юбилейдик төш белгилери ыйгарылды.

Ош технологиялык университетинде учурда 500 дөн ашык профессор, окутуучу эмгектенип, 12 миңден ашуун студенттер, магистранттар жана аспиранттар билим алууда.

Пикир

Оставить комментарий