• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Нарын облусунда 169 шайлоо тилкесинде добуш берилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Нарын облусу боюнча бүгүн, 17-ноябрда 169 шайлоо тилкесинде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүүдө.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, жалпысынан аймакта 221 миң 100 шайлоочу бар. Алардын ичинен 664 шайлоочу добуш берүү тилкесинен тышкары добуш берүүгө, 111 шайлоочу аралыктан добуш берүүгө катышуу үчүн арыз беришкен.

Нарын шаардык кеңешине 31 орун үчүн 6 саясий партиядан 169, 27 айылдык кеңештеги 527 орунга 932 талапкер ат салышууда.

Учурда коомдук коопсуздукту сактоого ички иштер органдарынын 200дөй кызматкери тартылды.

Пикир

Оставить комментарий