Бишкек, 27.12.24. /Кабар/. Нарын облусунун Миң-Булак айыл аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана калктын аярлуу катмарларына бекер көмүр отуну таратылды.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, бул демилге айыл өкмөтүнүн жана өнөктөш компаниялардын колдоосу менен ишке ашырылды.
Белгиленгендей, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 тонна көмүр отуну бөлүнүп, анын үстүнө Авелиум партнеру тарабынан дагы 80 тонна, ал эми Жун Жи Майнинг компаниясы тарабынан дагы 80 тонна көмүр берилди. Жалпысынан 260 тонна көмүр отуну муктаждарга жеткирилди.
“Бул демилге калктын муктаж катмарларын кыштын суук күндөрүндө жылуулук менен камсыз кылууга чоң салым кошту. Өзгөчө жардам көрсөткөн компанияларга – Авелиум партнеруна жана Жун Жи Майнинг компаниясына терең ыраазычылык билдиребиз! Сиздердин социалдык жоопкерчилигиңиздер жалпы элдин жашоосуна чыныгы колдоо көрсөттү",-деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий