• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Таалайбек Ибраев Талас электр тармактар ишканасынын кышка даярдыгын текшерди

Аймак 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Талас электр тармактар ишканасынын Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас,Талас РЭТнин жана Талас ШЭТинин күз-кыш мезгилне карата даярдыгы жана керектелүүчү материалдардын жана техниканын жеткиликтүүлүгү менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, анын жүрүшүндө министр керектелүүчү материалдардын жана техниканын жеткиликтүүлүгүн, кадр маселеси боюнча көйгөйлөрд жеринен көрдү.

Талас электр тармактар ишканасынын карамагындагы бардык РЭТке жана ШЭТге өзүнчө токтолуп, тийиштүү жетекчи, кызматкерлерге тапшырмаларды берди.

Ошондой эле Бакай-Ата РЭТинин кызматкерлери менен жолугушууда кызматкерлер катчы, ширетүүчү, кампа башчысы жумуш орундарын ачуу боюнча маселелерин билдиришти. Ушул эле көйгөй Талас, Манас, Кара-Буура РЭТинде жана Талас ШЭТинде кездешүүдө.

Андан тышкары, Талас электр тармактар ишканасына тиешелүү көмөк чордондорго, РЭТтерге коопсуздукту камсыздоо үчүн атайын коопсуздук камерасын орнотуу тапшырмаларын берди.

Кышкысын электр энергиясын үнөмдөө үчүн Талас электр тармактарынын Талас , Манас, Кара-Буура, Бакай-Ата РЭТи, Талас ШЭТине күн панелин коюу боюнча маселе көтөрүлүп, ал боюнча да иш алып баруу керектиги айтылды.

Талас ЭТИнин бардык РЭТтеринин балансында жок болгон көмөк чордондорду (трансформаторлорду) баланска алуу боюнча тапшырмалар берилди. Бул иш аракеттер авариялык өчүрүүлөрдү алдын алууга жардам берери белгиленди.

Аны менен катар министр "Мой свет" тиркемесин колдонуу боюнча маалымат алды. Анда Талас РЭТинде калктын 65%ы, Бакай-Ата РЭТинде 65,60,%, Манас РЭТинде 70%, Кара-Буура РЭТинде 60,25% жана Талас ШЭТинде 77,8%ы тиркеме аркылуу маалымат алып, төлөм жүргүзүп жатышканын айтышты.

Ошондой эле Ибраев жумушчу сапарынын алкагында Бала-Саруу ГЭСинин курулуш ишинин жүрүшү менен таанышты. Анда айрым кемчиликтер аныкталып, министр башкы подряддык уюм "Интегра инжинеринг групп" ЖЧКга жана "Ак-Башат" долбоордук институтуна эскертүү берип, ал эми "Чакан ГЭС" ААКга курулуштун жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Министр курулуш иштерин өз маалында бүтүрүү зарылдыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий