• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ысык-Көлдө Эл аралык электр байланыш биримдигинин санариптик трансформация боюнча форуму өттү

Аймак 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Бостери айылында Эл аралык электр байланыш биримдигинин санариптик трансформация боюнча форуму болуп өттү.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, форум 28-августтан 30-августка чейин созулду.

Иш-чараны КР санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов ачып, санариптик трансформация ишканаларды, тармактарды жана мамлекеттерди өнүктүрүүнүн негизги вектору болуп калганын белгиледи. Ал санариптик трансформация бүтүндөй экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун ачкычы экендигин айтты.

“Бул сыяктуу аймактык форумдар тармактын жетилиши үчүн абдан маанилүү. Алар актуалдуу маселелерди өкүлчүлүктүн деңгээлинде терең талкуулоого жана тажрыйба алмашууга, адистердин квалификациясын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Санариптик трансформация боюнча эл аралык форум биздин аймак үчүн маанилүү окуя болот деп ишенем”, - деди министрдин орун басары.

Форумдун жүрүшүндө катышуучулар санариптик трансформация үчүн жагымдуу шарттар, санариптик трансформацияны өлчөө, кеңири тилкелүү интернеттин жеткиликтүүлүгү, эл аралык уюмга мүчө болуунун ролу жана мааниси сыяктуу эл аралык байланыш тармагындагы бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты.

Форумдун алкагында ар кыл өлкөдөн келген эксперттер электрондук байланышты жакшыртуу, санариптик трансформацияны башкаруу жана санариптик жөнгө салуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, форумга КР санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов, КМШ аймагы боюнча ЭЭБ Регионалдык кеңсесинин аймактык директору Наталья Мочу, Аймактык шериктештиктин аткаруу комитетинин байланыш тармагындагы башкы директору Нурудин Мухитдинов, министрликке караштуу байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы жана чет мамлекеттердин байланыш тармагындагы өкүлдөрү, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Кыргызстандын байланыш эксперттери катышты.

Пикир

Оставить комментарий