• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкекте коомдук транспорт жаңы окуу жылына даярдалууда

Коом 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Бишкекте коомдук транспорт жаңы окуу жылына даярдалууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, коомдук транспорттор “Абайлагыла, балдар!” жана "Көңүл бургула, балдар!" деген маалымат баннерлери менен каттамдарга чыгат.

Бүгүнкү күндө 500гө жакын кичи автобустарга жана муниципалдык транспорттун толук кыймылдуу курамына (автобустар жана троллейбустар) баннерлер илинди.

Транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти окуу жылынын башталышына карата балдардын жолдордогу кырсыктарын алдын алуу боюнча маалымат кампаниясын баштоодо.

Пикир

Оставить комментарий