• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги "Ашар" гүлбакчасына 190 түп көчөт отургузулду

Коом 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган алты айлыктын алкагында Ленин районунда жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, “Ашар” гүлбакчасына борбор калаанын вице-мэри Бактыбек Абдиев, Ленин районунун акими Русланбек Тагаев, Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) жетекчилиги, “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын, Экономика жана инвестиция департаментинин, коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери жана «Ак-Өргө» конушунун тургундары 190 түп көчөт отургузду.

Көчөттөр Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) жана JICA бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясы тарабынан сатылып алынган.

Жашыл акциянын алкагында катышуучулар 66 липа, 77 карагай, 35 каталпа көчөттөрүн отургузду.

Пикир

Оставить комментарий