• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акылбек Жапаров Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусунун Ноокат районунда Кыргыз эл баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер, жаратман инсан, биринчи премьер-министр Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине катышты.

Анда сөз сүйлөгөн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жалпы кыргыз элин эгемендүү майрамы менен куттуктап, Насирдин Исановдун кыргыз элине жасаган эмгектерин эскерди.

“Атанын уулу болуу – урмат, ал эми элдин уулу болуу – кымбат. Жумурай журтка улуу инсан, элдин уулу – Насирдин аганы жараткан урматтуу Ноокат районунун кадырман эли, өзгөчө Сиздерди кош майрамыңыздар менен куттуктаймын! Насирдин Исановдун туулган айылына келүү, арбагына арнап куран окутуу – башкысы анын эмгегин даңазалоо мен үчүн чоң сыймык. Бүгүн Насирдин Исанович жөнүндө бардык жакшы сөздөр айтылышы керек”, - деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле Насирдин Исанов – өмүрүн мамлекетти курууга арнаган мамлекеттик ишмер, жаратман инсан экендигин билдирди.

“Исановдун колу тийген 80-жылдардагы курулуштарды сыймыктануу менен атай алабыз. Алар борбордук аянт ак мраморлуу имараттардын ансамблине айланган. Агропромдун имараты, Чыгыш-5 кичирайону, “Бакыт өргөөсү” жана Ак үй салынган. Тарых музейи ишке берилген. Кыргыз телекомдун имараты, жанындагы курант менен кошо Усубалиевдин тапшырмасы боюнча 6 айда салынган. Биз да Садыр Нургожоевичтин жетекчилиги астында бул рекордду жаңырттык: 6 айда 15 мектеп, 1 бала бакча салдык. 1 жылга жеткирбей Баткенде 424 үйдү салдык. Биз Усубалиев, Исановдор баштаган курулуштагы жаратмандык демди калыбына келтирдик”, - деди ал.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Исановдун – 90-жылдары эл чарбасы – ал өлкө экономикасын түп-тамырынан бери эң жакшы түшүнгөн премьер-министр болгонун кошумчалады.

“Исанов “Союз олку-солку болуп жатканда кирешебиз 1 млрд сом, муктаждыгыбыз 4,5 млрд сом” экендигин айтып, “Мындан ары Союздан бөлүнүүчү каражат келбейт, баарыбыз саясат менен алектенбей, экономиканы ойлонолу” деп күйүп-бышып айткан экен”, - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Насирдин Исанов жөнүндө кийинки сөз – бул Кумтөр экендигин кошумчалады.

“Исанов Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенин алдырбоонун үстүндө катуу аракеттерди көргөн. “Кумтөрдү өзүбүз иштетсек болот” деген позицияда болгон. Урматтуу агайын-туугандар, бүгүн Насирдин Исановдун мааракесинде тарых үчүн анын өлүмүнүн себебин ачык айтууга милдеттүүбүз. Насирдин Исановдун өмүрүн эл аралык афферист, мошенник Бирнштейн алды дейбизби, неси болсо да, биздин айтарыбыз: Кумтөр – Насирдин Исановдун өмүрүн алган!”, - деди Акылбек Жапаров.

Муну менен катар министрлер кабинетинин төрагасы “Кумтөр бир жаркын инсаныбыздын өмүрүн алса дагы, акыры Кумтөрдү кыргыздын дагы бир азаматы жеңип чыкты. Ал – Садыр Жапаров. Ал дагы башын сайды, акыры жеңип чыкты. Камеко, Сиабеко, Центерраны өлкөдөн айдап чыктык. Мурда Кумтөрдөн 10% пайда көрсөк, азыр 100%, 1,5 млрд долларлык өндүрүш колдо турат, токтобой иштеп жатат. Улуттук банкта 50 тоннадан ашуун алтыныбыз бар. Мындан ары бизди эч ким тышкы карыз менен коркута албайт! Тышкы карызда Кумтөр – жеңиштүү ресурс! Биз өндүрүштү жандандырдык”, - деп сөзүн жыйынтыктады.

Белгилей кетсек, Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу аземде Исановдун басып өткөн өмүр жолун чагылдырган сүрөт көргөзмө жана театралдаштырылган оюн-зооктор уюштурулду.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров салтанаттуу иш-чаранын алкагында мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары, Исановдун замандаштары жана туугандары менен бирге Насирдин Исанов өзү туулуп өскөн үйүнө барып куран окуду.

Кошумчалай кетсек, өлкө президентинин жарлыгына ылайык Насирдин Исановго “Ак шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы наамы ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий