Нарын облусунда башталгыч класстан тарта IT программалары окутула баштайт

Аймак 0

Бишкек, 17.05.24. /Кабар/. Нарында башталгыч класстан тартып IT программалары боюнча сабактарды киргизүү тажрыйбаланат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Азыркы учурда дүйнөлүк практикада бардык башталгыч класстарга IT программалары боюнча сабактар өтүлөт. Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен Нарын облусунун мектептерине дагы башталгыч класстардан баштап IT программаларын киргизүү аракети колго алынууда. Бул маселеде эл аралык тажрыйбасы бар IT компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп, алардын жардамы менен жүзөгө ашканы турат.

"Сорос-Кыргызстан" фондунун изилдөөлөрү боюнча, 2025-жылга чейин Кыргызстанга 50 миңге жакын IT адистер керек.

Бүгүн президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүндө IT программасын мектептерге киргизүү боюнча жыйын өткөрүлүп, билим берүү тармагынын, IT компанияларынын өкүлдөрү, мектеп директорлору менен бирдикте бул маселени кеңири талкуулашты.

Иш-чарада президенттин өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу жана аппараттын реформалар, санариптик өнүктүрүү жана креативдүү экономика башкармалыгынын башчысы Нурсултан Кубанов билим берүү тармагынын өкүлдөрүнө маалыматтар берилип, алдыдагы иш аракеттер мерчемделди. Ошондой эле "IT парк" академиясынын өкүлдөрү бүгүнкү күндөгү жаңы технологиялар боюнча маалымат беришти.

Бул демилгенин негизги максаты аймактарда туруп дүйнө жүзү менен иштешүүгө шарт түзүү. Демилгени Нарын облусунда пилоттук негизде ишке ашыруу боюнча Билим берүү министрлигине сунуш берилет.

IT программалары боюнча сабактарды киргизүүнүн негизги максаты Нарын облусундагы жаштарга IT тармагында жаңы инновациялык билимдерди калыптандырып, жалпы билим берүү системасына реформа жасоого түрткү берүү болуп саналат.

Анын үстүнө акыркы мезгилдердеги статистикалык маалыматтарга ылайык, техникалык кесиптерди жаштар аз тандоодо. Ошого байланыштуу жаштарды бир гана IT тармагына эмес жалпы техникалык кесиптерге багыттоо учур талабы.

Жаштарга жаңы технологиялар менен сапаттуу билим берүүнүн натыйжасында дүйнөлүк атаандаштыкка туруктуу келечекти түзө алабыз.

Пикир

Оставить комментарий