• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Эртең Түп районунун жана Балыкчы шаарынын айрым жерлеринде электр энергиясы өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Эртең Ысык-Көл облусундагы Түп районунун жана Балыкчы шаарынын айрым жерлеринде электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Чыгышэлектр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эртең, 9-февралда 2022-жылга карата авариялык өчүрүүнү алдын алуу максатында оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу саат 13:00дөн 15:00гө чейин Түп районунун Талды-Суу, Миң-Булак, Кочу,Чоң-Таш, Корумду, Миң-Булак, Санташ, Кең-Суу айылдарында, саат 09:30дөн 15:00гө чейин Балыкчы шаарынын айрым бөлүктөрүндө электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.

"Чыгышэлектр" ачык акционердик коому кардарлардан убактылуу келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий