Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. 28-29-июнь күндөрү Нарын облусунда эл аралык “Кыргыз шырдагы - XII” фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Фестивалдын максаты - улуттук буюмдардын сап башында турган шырдакты даңазалоо, жайылтуу жана сатууну жогорку деңгээлде уюштуруу болуп эсептелинет.
Иш- чара расмий өкүлдөрдүн катышуусунда өтөт.
Пикир
Оставить комментарий