• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Нарын облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 02.08.23. /кабар/. Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 2-августта саат 12:01де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен. Ал эми Жумгал районунун Сары-Иймек жана Кара-Кече айылдарында жер титирөө 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий