• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө Михайловка – Сары-Телегей жолунун 6 чакырымы асфальтталууда

Аймак 0

Бишкек, 02.08.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда Михайловка – Николаевка – Токтоян – Сары-Телегей унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жеринде "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын №4 Жол тейлөө мекемесинин 10 чакты кызматкерлери жана 13 атайын техника иштеп жатат.

"Быйыл жалпы 81 чакырымды түзгөн Михайловка - Николаевка - Токтоян - Сары-Тологой унаа жолунун 6 чакырым 600 метр жерине 6 см калыңдыктагы асфальт төшөө иштери каралган", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, азыркы учурда жумуштар ортодон ооп, 3,5 чакырым жолго асфальт жаткырылды. Баса белгилеп кетчү жагдай, жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.

Пикир

Оставить комментарий