• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Нарын облусунда кайрымдуулук акциясы өттү

Аймак 0

Бишкек, 21.01.25. /Кабар/. Нарын облусундагы социалдык жактан колдоого муктаж балдарга жардам көрсөтүү иштери уланууда. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун түркиялык ишкерлер менен түзгөн алакасынын аркасында түркиялык демөөрчүлөр кезектеги кайрымдуулук иштерине көмөк көрсөтүп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, жарым жана томолой жетим балдарга жылуу кийимдерди жиберишкен.

Ошентип, 184 куртка жана ошончо сандагы бут кийим, 80 комплект топу, шарф жана кол каптар жер-жерлерде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына таратылды.

Акциянын максаты катаал шарттагы аймактарда жашаган жана экономикалык же социалдык факторлордун таасири менен кыйын абалда калган балдарга жардам көрсөтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий