• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Нарын облусунда курулуп жаткан жолдорду суук түшкөнчө бүткөрүү тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Нарын облусуна жумушчу сапары менен келип, облус жетекчиси Алтынбек Эргешов менен бирдикте курулуп жаткан жолдорду текшерди.

Министрликтен маалымдашкандай, Нарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешов министрден облустун аймагындагы ремонт болуп жаткан жолдорду суук түшкүчө бүтүрүүгө көзөмөлдү күчөтүп берүү жагын өтүндү.

Министр Нарын шаарындагы В.И.Ленин, С.Орозбаков, Ж.Шералиев көчөлөрүндөгү оңдоо иштерин жеринде көрүп, Ж.Шералиев көчөсүн асфальттоо жумуштарын 15-октябрга чейин бүткөрүүнү курулуш ишканасына милдеттендирди.

Ошондой эле быйыл 1,280 чакырымына асфальт төшөлгөн С.Орозбаков көчөсүнүн тротуарын жана арык системасын тез арада бүткөрүүнү жол тейлөө мекемелерине тапшырды.

Мындан тышкары, министр "Нарын” аэропортунун конуу тилкесиндеги жумуштардан дагы кабар алып, узуну 2 чакырым, туурасы 400 метр аянттын асфальттоо жумушун 1 жуманын ичинде аягына чыгууну жана сапаттуу жасоону №41 Жол тейлөө ишканасына милдеттендирди.

Абсаттар Сыргабаев Нарын – Баетов жолунун ондоп-түзөө иштерин дагы жеринде көрүп, 8-13-чакырымындагы суу өтүүчү түтүктөрдү алмаштырып, суук түшкүчө 5 чакырым жолду асфальттап бүткөрүү тапшырмасын берди.

Мындан сырткары, Кочкор районунун Кочкор-Коммунизм унаа жолундагы көпүрөнү, Кочкор айылындагы Бердалиев, Москва, Орто-Сай, Химия, Мечит, Молдокан көчөлөрүнүн асфальт жумуштарын тез арада бүткөрүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий