Бишкек, 26.12.24. /Кабар/. Нарын облусунда Кырдаалдык борбор иштей баштады. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Облустун аймагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында ачылган борбор заманбап байкоо жана көзөмөлдөө каражаттары менен жабдылган.
Кырдаалдык борбордун ачылышына катышкан облус башчысы А.Эргешов облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине, өздүк курамына кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, аталган борбордун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
“Шаарлардын, айылдардын көчөлөрү ар бир жаран үчүн коопсуз болушу керек. 24 саат бою байкоо жүргүзүүчү камералар менен интеграцияланган система коомдук жайларда тынбай көзөмөл жүргүзүп жатат. Демек, мыйзам бузууну жана кылмыштарды убагында аныктоону, ошондой эле коркунучтарды алдын алуу үчүн ыкчам чечимдерди кабыл алууну камсыздайт”, - деди облус башчы.
Иш-чарага катышкан ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Кырдаалдык борбордун ачылышы аймактын коопсуздук системасын бекемдөөдө өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, борбордун ишмердүүлүгү аркылуу укук бузууларды алдын алуу жана оперативдүү чараларды көрүү натыйжалуу болорун айтты.
Белгиленгендей, жаңы борбордун ишке кириши менен кылмыштарга ыкчам реакция кылуу жана издөөдө жүргөн кылмышкерлерди кармоого дагы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.
Пикир
Оставить комментарий