• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Айдоочулардын эсине! Чолпон-Атада стационардык аппараттык-программалык комплекс иштей баштады

Аймак 0

Бишкек, 02.07.23./Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-ата шаарында жылып туруучу “Авто ураган" стационардык аппараттык-программалык комплекси ишке кирди. Башкы максат жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана туристтик мезгил учурунда коопсуздукту күчөтүү болуп саналат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, күн мурун түшкө чейин беш автоунаанын ар кандай эреже бузгандыгы аныкталып, алар убактылуу айып короо жайына токтотулду.

“Авто ураган” стационардык аппараттык-программалык комплекси аркылуу төмөнкүлөрдү аныктоого болот:

  • автоунаанын издөөдө жүргөндүгүн;
  • айып пулдарын өз убагында төлөбөгөндөрүн жана сотко өткөндөрүн;
  • каттоосу убактылуу токтотулгандарын;
  • ылдамдыкты ашырып айдагандарын жана башка бардык укук бузууларды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан автоунаанын айып пулдарын өз убагында төлөп, издөөдө жана камакка алынгандыгын текшерип, анан жолго чыгуу керектигин эскертет.

Эскерте кетсек, 25-июндан тартып Чүй облусунун Жайыл районунун “Сосновка” постунда да стационардык аппараттык-программалык комплекси ишке кирген.

Пикир

Оставить комментарий