• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Нарын облусунда өрт кырсыгы өткөн жылга салыштырмалуу 8,9 пайызга азайды

Аймак 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Ушул жылдын 9 ай ичинде Нарын облусунда 71 өрт кырсыгы катталып (2019-жылы 78), өткөн жылга салыштырмалуу 8,9 пайызга азайды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, өрттөн болгон материалдык чыгымдар 4 миллион 670 мин сомдон ашык түздү. Тилсиз жоодон 42 млн 852 миң сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган.

Өрттөрдүн негизги себептери:

- атайын өртөө - 8,5%,

- балдардын от менен ойноосунан - 33,3%.

Өрттүн жалпы санынан - 26,6% турак жай секторунда болгон. Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда болуп, 1 млн 219 миң 89 сомдук материалдык чыгымды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий