• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад мэри: Санитардык эрежелер катуу сакталышы шарт

Аймак 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев базарларда, эл көп жүрүүчү жайларда санитардык талаптардын сакталышын көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бардык тармактар мэриянын алдына чогулуп, 10 топко бөлүнүп текшерүүгө чыгышты. Тийиштүү кызматтар калкты тейлеген бардык тараптарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Соода жайларынын, ашканалардын кемчиликтери айтылып, белгиленген убакытта оңдолбосо жаптыруу чечими кабыл алынат.

Мэр кайдыгерликти токтотуп, оорунун жайылышынын алдын алуу үчүн жетиштүү деңгээлде иш жүрүшү керектигин эскертти. Санитардык эрежелер мурункудай сакталбай жатканын сынга алып, бул багыттагы аракеттерди күчөтүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий