Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. Нарын облусунун унаа жолдору үзгүлтүксүз тазаланууда. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Аткарылып жаткан иштердин тизмеги:
- Нарын-Баетов, Нарын-Оруктам, Нарын-Үч-Нура, Он-Арча-Жаны-Талап-Ашырма унаа жолдорунун тайгак бөлүктөрүнө тайгакка каршы кум-шагыл аралашмасын чачуу иштери № 8 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүрүүдө.
- Бишкек-Нарын-Торугарт эл аралык маанидеги унаа жолдун 270-372-чакырым аралыктарындагы тайгак бөлүктөрүнө тайгакка каршы кум-шагыл аралашмасын чачуу иштери № 41 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
- Бишкек-Нарын-Торугарт 372-376-чакырым аралыктарындагы тайгак бөлүктөрүнө тайгакка каршы кум-шагыл аралашмасын чачуу иштери № 957 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүрүүдө.
- Бирдик-Арал-Карл-Маркс унаа жолунда 30 сантиметрге чейин кар жаап, автогрейдер менен тазалоо иштери жана тайгак бөлүктөрүнө тайгакка каршы кум-шагыл аралашмасын чачуу иштери № 18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
Белгиленгендей, Казарман-Акталчат унаа жолунда шамал болуп жол тилкесине кар күрткүлөрү пайда болгондуктан атайын техниканын жардамы менен тазалоо иштери жүрүүдө.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун ашуу белдеринде Долон тарапта 3-4см кар жааса, Оттук капчыгайында 4-5 см, Кызыл-Белде 1-2 см ( Чар участкасына 3-4), ал эми Нарын-Оруктам унаа жолунда 2-3 см кар жааган.
Белгилей кетсек, Казарман районунда 10-30 сантиметрге чейин кар жаап, тайгак участкаларга инерттик материалдар чачылууда. Ар бир Жол тейлөө ишканаларында кезмет уюштурулган. Учурда унаа жолдордо, ашуу белдерде каттам ачык, күн бүркөк.
Пикир
Оставить комментарий