Бишкек, 21.08.23. /Кабар/. Нарын облусунда жыл аягына чейин 8 мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын маалыматына караганда, курулуп жаткан мектептердин экөөсү жаңы окуу жылында балдар үчүн эшигин ачса, дагы 6 мектеп жыл аягына чейин толук бүткөрүлөт.
Жыпаркулов белгилегендей, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жыл аягына чейин республика боюнча 100 мектеп бүткөрүлүп, колдонууга берилет.
Пикир
Оставить комментарий