• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ысык-Көлдө селдин кесепетинен кум-шагыл каптаган жолдорду калыбына келтирүү иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө селдин кесепетинен кум-шагыл каптаган жолдорду калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 40-42 чакырымы жана Кара-Талаа-Туура-Суу жолунун 5-26 чакырымы селден кийин жолдун 1,5-2 метрге чейинки бөлүгүн кум-шагыл аралашмасы жаап калды. Айыл ɵкмɵтү тарбынан 1 даана жүктөгүч, 1 даана экскаватор берилип, калыбына келтирүү иштери жүргүзүүдɵ.

Азырынча убактылуу жол каттамы бар.

Пикир

Оставить комментарий