Нарын облусунун 4 тургуну баңгизат менен кармалды — видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактысы боюнча Нарын облусунун тургундары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Ири өлчөмдө баңгизат каражаттарын сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу" беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында Нарын облусунун аймагында баңги каражаттарды таратууга катышы бар адамдар кармалды.

Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын 24-майында Нарын облусунун жашоочулары К.Т., А.Б., Ж.А. жана А.Д. аттуу жарандардын үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында "жапайы кара куурай" түрүндөгү баңги заты ири өлчөмдө табылып, алынды.

Жогорудагы адамдар Жумгал районунан жана Ысык-Көл облусунан Нарын облусунун аймагына сатуу максатында "жапайы кара куурай" жана "гашиш" баңгизатын алып келүү менен алектенип келишкен.

Мындан улам аталган жарандарга карата Нарын шаардык сотунун үстүбүздөгү жылдын 26-майындагы чечими менен Юстиция министрлигине караштуу Нарын шаарындагы №24 мекемеге эки айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды.

Учурда ушул сыяктуу фактыларды жана бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий