• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ак-Талаада "Арсенал" операциясынын жүрүшүндө 2 ок атуучу курал алынды

Аймак 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Нарын облусунун Ак-Талаа районунда "Арсенал" операциясынын жүрүшүндө 2 ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмү тарабынан өткөрүлүп жаткан "Арсенал" аталыштагы иш-чарасынын жүрүшүндө 2022-жылдын 7-февраль күнү Ак-Талаа районунун аймагынан жергиликтүү тургундар 1965-жылы туулган Э.А. менен 1955-жылы туулган М.К. жанына документтери жок мыйзамсыз сакталып жүргөн ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралдарын алып жүргөн кармалышкан.

Бул факт Ак-Талаа райондук милиция бөлүмү тарабынан каттоого алынып, бүгүнкү күндө тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий