• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Сузакта коронавирус илдетинин алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 04.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда коронавирус илдетинин алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облустун аймагында учурдагы кырдаалга байланыштуу милиция тарабынан бир топ түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

"Сузак РИИБи тарабынан түзүлгөн иш-мерчемдин негизинде жарандар көп топтолгон коомдук жайлар текшерүүгө алынды. Иш-чаранын жүрүшүндө эс алуучу жайларда, көчөлөрдө, соода борборлорунда жана базарларда беткапсыз жүргөндөргө эскертүүлөр берилди. Милициянын көчмө кабылдамасы автоунаасына орнотулган үн чыгаруучу каржаттар аркылуу жарандарга санитардык нормаларды сактоо эрежелери жеткирилди. Коомдук транспорт жана такси айдоочуларына адам ташууда беткабы жокторду автоунаага чыгарбоо керектиги эскертилди. Айдоочулар өздөрү да жеке гигиенаны сактоо, медициналык каражаттарды колдонуу зарылдыгы белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарды жөнү жок көчөгө чыкпоого чакырышкан.

Пикир

Оставить комментарий