• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Нарын районунда көпүрө өткөөлдөрү орнотулууда

Аймак 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Нарын районунда көпүрө өткөөлдөрү орнотулууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрликтин 2020-жылдагы атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуу иш-чараларынын планынын негизинде иштер уланууда.

"Нарын облусундагы Нарын районунун Кара-Чий айылында Жерге-Тал айыл аймагынын күч каражаттарынын жардамы менен айылдын Төлгө-Ата, Каскеримов, Сулайманов жана Казы көчөлөрүндө жалпы 24 даана көпүрөлүк өткөөлдөрдү орнотуу иштери белгиленген. Бүгүнкү күндө Төлгө-Ата көчөсүндө 6 даана өткөөл орнотулду. Иш-чарага айыл аймактан 1 экскаватор жана жергиликтүү тургундардан 6 адам тартылууда. Өткөөлдөр ӨКМ тарабынан 288 000 сомго камсыздалды", - деп айтылат билдирүүдө.

Аткарылуучу иштердин жыйынтыгында 120 турак жай,1 мектеп, 1 ФАП корголот. Иш-чаранын аткаруу уланууда.

Пикир

Оставить комментарий