• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстан менен Россиянын вице-премьер-министрлери аба каттамдардын санын көбөйтүү маселесин талкуулады

Коом 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 22-отурумунда эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдардын санын көбөйтүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу отурумдан кийинки маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Ал 21-сентябрдан тарта Россия менен аба каттам жанданганын белгилеп өттү.

"Бүгүн ал аба каттамдардын санын акырындап көбөйтүү маселесин сүйлөштүк", - деди ал.

Россиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук эпидемиолгиялык кырдаал турукташканына жараша аба каттамдардын санын көбөйтүүгө болорун билдирди.

Пикир

Оставить комментарий