Бишкек, 11-апрель /Кабар/. Нарын шаардык мэриясы 2017–жылдын 1-квартал ичинде жарандардан 166 кайрылуу каттары кабыл алынгандыгын маалымдайт. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Келип түшкɵн кайрылуулардын 71 жазуу, 3 электрондук, 25 ооз эки жүзүндө келип түшкөн.
Мындан сырткары, коомдук кабылдамага жарандардан 64 кайрылуу түшсө, “ишеним телефону” аркылуу 3 кайрылуу кабыл алынган.
Келип түшкөн кайрылуулар мүнɵздɵрү боюнча тɵмɵндɵгүдɵй болуп бɵлүнɵт:
- социалдык маселелер боюнча – 20;
-экономикалык маселелер – 32;
-материалдык жардам берүү – 35;
жана башка маселелер боюнча 79 арыз даттануулар келип түшкөн.
Пикир
Оставить комментарий