• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда кайырчылардын коомдук жүрүм-турумуна көзөмөлдүк күчөтүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.11.17 /Кабар/. Жалал-Абад шаарында сырттан келген кайырчылар тарабынан шаардагы коомдук тартиптин сакталышын, шаардыктардын бейпил жана ыңгайлуу жашоосун, ошондой эле шаар маданиятын камсыз кылуу максатында көзөмөл иштери күчөтүлүүдө. Шаар бийликтери тарабынан 30га чукул лөлү тектүү кайырчылык менен алектенген атуулдар келген аймактарына чыгарылды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, шаар мэриясы менен шаардык ички иштер бөлүмүнө шаар тургундарынан шаар аймагында сырттан келген кайырчылар саны көбөйүп жатканы, алар коомдук ашканаларда, кызматкерлер дайыма иш менен алектенген ишканаларда, кала берсе жол кыймылы күч алып турган жолдордо да кайырчылык менен алектенишип, ишке жана шаардын бейпил, иреттүү, маданияттуу жашоосуна тоскоолдук келтирип жатышканы, аларга карата чара көрүү боюнча кайрылышкан.

Натыйжада шаар бийликтери кайырчылардын жүрүм-турумун, аракеттерин иретке салуу боюнча атайын рейд уюштурушуп, сырт жактардан келишкен 30га чукул лөлү тектүү кайырчылар кармалган жана алар келген аймактарына кайра чыгарылган.

Шаардын ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мирбек Султановдун айтымында, кармалган кайырчылардын басымдуу бөлүгү Өзбекстандын жана Ош облусунун аймагынан келишкен.

"Милиция кызматкерлери алардын өздүгүн тактап, келген жактарына жибердик. Кайырчыларга карата атайын мыйзам жоктугуна байланыштуу башка чараларды көрө албайбыз, болгону рейддерди жасап, алар тарабынан коомдук тартиптин бузулбастыгына, шаар бейпил турмушуна зыян келбестигине гана көзөмөл салабыз", - дейт ал.

Кайырчылык менен алектенген 32 жаштагы Мухая Тажибаеванын айтымында, ал Ош шаарынан Жалал-Абадка келип кайырчылык кылып жан багат.

"Учурда 5 балам бар, аларга кийим-кече алып, кышка даярдык көрүүм керек. Башка жумуш кылалы десек, бизди эч жерге ишке да алышпайт. Күнүнө 500 сомдон 1500гө чейин акча табам. Бул жакта батирде турабыз, ар бирибиз 20 сомдон күнүнө төлөп жашайбыз. Эгер жумуш болсо, башка эле жумуш жасап, жан бакмакпыз, арга жок ушул ишке барып жатабыз. Бул биздин ата-бабаларыбыз кылып келген иш, бирок башка жумуш болсо, ага да көнүп иштемекпиз",-дейт ал.

Милиция кызматкерлери кайырчылар маселеси боюнча атайын мыйзам базасынын жоктугу алар менен натыйжалуу иш алып барууга тоскоолдук келтирип жатканын айтышат.

Пикир

Оставить комментарий