Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Нарын шаарынын 64 аймагына эки LED экран орнотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, LED экрандар Нарын шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана заманбап тейлөө көрсөтүү максатында коюлат.
Учурда жергиликтүү бюджеттин эсебинен 800 миң сомго сатып алынган эки тараптуу, узуну 5, туурасы 2 метрди түзгөн LED экранды жайгаштыруу үчүн атайын түркүк даярдалып жатат.
Экрандар коммерциялык багыттан тышкары маалымат таратуу үчүн да колдонулуп, шаарга көрк берет.
Пикир
Оставить комментарий